Айнура Кабатай кызы

УСТАТ

a_kabatay_k

 

БИЛИМИ

2005-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2007-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасына өткөн.

 

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ

2006-жылдан бери, “НТС” телекомпаниясы
Жаңылыктар кызматынын алып баруучусу;

1999-2006-жж, «КООРТ» телекомпаниясы
Жаңылыктар кызматынын алып баруучусу;

2003-жылдан бери, Кыргыз-Түрк “Манас” университети
ага окутуучу;

1999-2001-жж, Интерньюс
“Мейкин Азия” программасынын алып баруучусу;

1992-1999-жж, Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпррациясы,
“Ала-Тоо” маалымат программасынын алып баруучусу;

 

СЫЙЛЫКТАРЫ

1994-ж., КТРКнын “Жылдын эң мыкты диктору”;

2002-ж., Интерньюстун “Стремление” (“Умтулуу”) сынагындагы маалымат программасынын эң мыкты алып баруучусу номинациясынын лауреаты;

2003-ж., “КООРТ” телекомпаниясынын эң мыкты диктору

2011-ж., “НТС” телекомпаниясынын эң мыкты диктору

 

ШАКИРТТЕРИ

Медина Таалайбек кызы (январь – март 2015)

Назик Досалиева (апрель – июнь 2015)

Сезим Токтобек кызы (июль – сентябрь 2015)

 

ШАКИРТТЕРИ УСТАТЫ ТУУРАЛУУ

Айнура Кабатай кызы дикцияны өнүктүрүү боюнча устатым болду. Айнура эже боюнча бир гана жагымдуу нерселерди айта алам. Устатым ишине жоопкерчиликтүү, кичипейил, окуучулар менен жөнөкөй мамиледе жана ошондой эле кесиби боюнча дасыккан ишмер болгонун көрө алдым. Сабакта берген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү кийинки сабакка аткарып келүүмдү талап кылчу. Мындай мүмкүнчүлүк кайталанса дагы бир жолу катышат элем.

Назик Досалиева

 

Айнура эже өтө жоопкерчиликтүү, пунктуалдуу, ак көңүл, өз ишин мыкты билген диктор. акыркы сессия ысык мезгилге туш болуп калгандыктан ден соолугума байланыштуу Айнура эже менен көп жолуга албадым, бул болсо биз каалаган жыйынтыкка жетүүгө тоскоол болду жана устатымдын алдында да абдан ыңгайсыз абалда калдым. Айнура эже, мен сиз үйрөткөн көнүгүүлөрдүөз алдымча да жасап турам жана сиздин мага жумшаган убактынызды текке кетирбегенге болгон күчүмдү жумшайм…

Сезим Токтобек кызы

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *