Айнагүл Мукамбетова

УСТАТ

a_mukanbetova

 

БИЛИМИ

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

 

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ

2004-жылдан бери, КТМУ,“Манас ФМ” радиосу
диктор, редактор, алып баруучу;

1998-2004-жж, Мамлекеттик телерадиокорпорация
“Кабарлар” радио жаңылыктар редакциясында кабарчы

 

СЫЙЛЫКТАРЫ

1999-ж., КТРКнын ардак грамотасы,

2006-ж., КТМУнун мыкты кызматкери,

2006-ж., КР Президентке караштуу Тил комиссиясынын ардак грамотасы,

2014-ж., Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы,

2014-ж. Ч. Сатаев фондусу тарабынан 2014-жылдын мыкты журналисти болуп тандалган.

 

ШАКИРТТЕРИ

Касиет Кубанычбек кызы (январь – март 2015)

 

ШАКИРТТЕРИ УСТАТЫ ТУУРАЛУУ

Менин устатым “Манас FM” радиосунда эмгектенген, өз ишин мыкты билген журналист Айнагүл Мукамбетова болду. Студент болгондуктан радиого тез эле эфирге чыгып, алып баруучу, журналист катары иштеп, тажрыйба топтойм деп ойлогон эмесмин. Долбоорго өткөндөн кийин устатым тез эле мага багыттарды көрсөтүп, өз алдынча эфирди алып барууга, материалдардын сапаттуу даярдоого үйрөттү. Мурда Айнагүл эжени сырттан көрүп эле жакындан тааныша албай жүрсөм, азыр устатым менен кенен баарлашып, тартынбай кеп-кеңеш алуума жол ачылды.

Касиет Кубанычбекова

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *