Медина Таалайбек кызы

ШАКИРТ

medina_taalaybek_k

1993-жылы 18-ноябрда туулган.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуйт, Коммуникация факультетинин Телерадио жана кино бөлүмүнүн студенти.

Фото жана видео тартууларды, Adobe Premiere Pro жана Adobe Photoshop программаларын жакшы билет.

Түрк жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт, англис тилинде сүйлөшө алат.

 

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ

2012-жылдын ноябры – 2013-жылдын январы – “Манас ФМ” радиосунда «Fresh» программасынын алып баруучусу;

2012-2014-жж. – Студенттик кеңештин мүчөсү;

2013-2014-жж. – Факультеттин өкүлү.

 

СЫЙЛЫКТАРЫ

“Заманбап жогорку окуу жайдын илимий-изилдөө жана билим берүү потенциалы” аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик конференциянын 1-даражадагы дипломунун ээси;

«Stimulation Youth Entrepreneurship through Business header Mentoring» долбоорун ишке ашырууга катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланган.

 

УСТАТТАРЫ

Айнура Кабатай кызы (январь – март 2015)

 

ЭМГЕКТЕРИ

 

УСТАТТАРЫНЫН ПИКИРЛЕРИ

Медина Таалайбек кызы таанышкан күнүбүздөн баштап эле абдан жоопкерчиликтүү окуучу экендигин байкагам. Ар дайым мени менен тыгыз байланышта болуп, берген тапшырмаларды өз убагында так аткарып жатты. Белгиленген убакытта сабакка, жолугушууга калтырбай келип, пунктуалдуулугу менен айырмаланып турду. Медина ар тараптуу, жөндөмдүү, идеяларга бай, адамдар ортосундагы коммуникацияны тез, сапаттуу курган инсан. Бул долбоордун ичинде кызматташканыбызга мен абдан кубанычта болуп, иштешүүдөн ырахат алдым. Келечекте телевидениебиздин көркүн ачат деген үмүттөмүн.

Айнур Кабатай кызы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *