“Нукура Кыргыз Журналистикасы” (НКЖ) мектебинде сабактар өтүлө баштады. Анда учурда 23 киши билим алып жатат. Жалпысынан, НКЖ мектебине кызыккандардан 41 резюме келип түшкөн болчу.
НКЖ мектебинин окутуу программасы “Журналисттик билим” жана “Журналистикадан сырткары жалпы билим” болуп экиге бөлүнгөнүн буга чейин жарыялаганбыз. Учурда, ушул багыт менен сабактар жумасына үч жолу: шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү өтүлүүдө (окутуунун программасы менен бул жерден тааныша аласыздар).
Окутуу мөөнөтү ушул жылдын май айынын аягына чейин созулуп, андан соң практикалык иштердин үч айлык мөөнөтү башталат.
Биринчи жолугушуудан көз ирмемдер: