Нукура кыргыз журналистикасы мектебине кабыл алуу башталды

Журналистика тармагын аркалоого жана бул багытта өзүнүн шык-жөндөмү менен кесиптик да, жеке да өсүүгө далалат кылган таланттуу улан-кыздарды кыска мөөнөттүү практикалык окууга чакырабыз.

Окуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Журналистиканын вазыйпасы (миссиясы);
  • Мыкты журналист болуунун сыры;
  • Сабаттуу жана таасирдүү текст жазуу;
  • Журналистикадагы азыркы заманбап багыттар.

Катышуучулар үчүн коюлган талаптар:

Резюмеңизди жана бул окууга болгон кызыгууңуздун жөнүн билдирген кат жөнөтүү.

Аталган нерселер электрондук почта аркылуу 2019-жылдын 10-мартына чейин кабыл алынат. E-mail: kokasabakg@gmail.com

Кошумча маалымат

“Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинин катышуучулары жазган каттарынын негизинде тандалат.

Талапкерлердин окуган окуу жайына, иштеген тармагына, жаш курагына чек коюлбайт.

Окуунун жүрүшү жана үйрөнүү ыкмасы үчүн жеке ноутбуктун болуусу артыкчылык катары каралат.

Мектептин негизги окутуучулары:

  • Марат Токоев
  • Жыргалбек Касаболотов
  • Данияр Исанов

Окутуу жана анын программасы тууралуу кенен маалыматты бул жерден караңыздар: https://jash.journalist.kg/okutuular/nukura-kyirgyiz-zhurnalistika-mektebi/

Долбоор “Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун демилгеси жана “ИСУР” коомдук фондусунун колдоосу менен “Бирдиктүү Өнүгүү” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.

Өнөктөш уюм – “Журналисттер” коомдук бирикмеси.

Байланышуу телефону: 0702 80-50-70.

 

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *