МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС!» аталышындагы КЫРГЫЗСТАН ЖАРАНДАРЫНЫН ФОРУМУ ӨТӨТ

29-мартта «Достук» мейманканасында «Мага баары бир эмес!» – «Мне не все равно!» аттуу Кыргызстан Жарандарынын Форуму өтөт.

Кыргызстандын өнүгүшүндө жарандардын ролун күчөтүүгө арналган бул Форум экинчи кезекте өтүп жатат. Өткөн жылы өлкөнүн бүт булуң-бурчунан келген жарандык коомдун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн аппараттарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан эки күндүк иштин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине, парламентине жана өкмөтүнө республиканын жашоосундагы негизги багыттар боюнча бир катар сунуштарды камтыган каалоо-тилек кабыл алынган.

Кыргызстан Жарандарынын Форуму – бул учурдагы жагдайды талкулоо жана коомдук-саясый процесстерге жарандардын катышуусун күчөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле жарандык жигердүүлүктүн эффективдүү тажрыйбаларын колдоого алуу үчүн түзүлгөн ачык аянт. Бул өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын жарандарынын жигердүү позициясын көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүк.

Форумдун иши төмөнкү бир нече тематикалык секцияларды өткөрүү менен түзүлгөн:

– жарандар жана парламентаризм,

– жаңы жагдайдагы бизнес,

– Кыргызстандагы эскерүү саясаты.

Мурунку Форумдан айрымаланып, мында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү өздөрүн жигердүү көрсөтүү менен, заманбап шартында бизнес секторунун абалы, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө ишкердүүлүктүн ролу жөнүндө өздөрүнүн ойлору менен бөлүшөт.

“Кыргызстандын жарандарынын парламенттен болгон күтүүлөрү” изилдөөсү жана бул маселе боюнча дискуссия Форумдун күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп калмакчы. Мындан мурун өткөрүлгөн Форумдан кийин өлкөдө бир катар ири саясый окуялар болуп өттү, алардын ичинен былтыркы жылкы күздөгү республикалык парламентке шайлоо негизги орунду ээлейт. Жаңы депутаттык корпус түзүлдү. “Кыргызстандын жарандарынын парламенттен болгон күтүүлөрү” изилдөөсүнүн жыйынтыктары бизге Жогорку Кеңештин депутаттарынын учурдагы чакырылышынын курамы жана алардан болгон күтүүлөрдү аныктоого жардам берет.

Форумда жыл сайын өткөрүлүүчү «Атуул/Гражданин» сынагы жыйынтыкталат, ошондой эле былтыркы жылдын жеңүүчүлөрүнүн ийгиликтери жөнүндө сөз болот.

Форумдун жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Президентине, өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке каалоо-тилегин жөнөтөт.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *