Мастер-класс: “Шайлоо учурунда ЖМКлардын иш алып баруусу жана юридикалык аспектилер

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган мастер-класстарын улантат. Бул жолу “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун юристи Айжамал Жаныбаева жана белгилүү журналист Толкунбек Турдубаев “Шайлоо учурунда ЖМКлардын иш алып баруусу жана юридикалык аспектилер” тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, мурдагы шайлоо системасы менен алдыда боло турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө журналисттердин суроолоруна жооп беришмекчи.

Мастер-класс 27-августта саат 16:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Лекцияга катталуу үчүн байланыш телефону: 0552 17 23 45, “Устат-Шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатова

,
One comment to “Мастер-класс: “Шайлоо учурунда ЖМКлардын иш алып баруусу жана юридикалык аспектилер”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *