Устат-Шакирт сабак-таалим системасынын 4-сессиясына устат-шакирттер аныкталды

2015-жылдын июнь айынын соңунда устат-шакирт системасынын 3-сессиясы жыйынтыкталды. Андан алынган сабактардын негизинде устат-шакирт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча катышуучулар тарабынан талкууланып, жыйынтыктар чыгарылды.

Мындан сырткары, фейсбук социалдык баракчасындагы жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде кезектеги 3 айлык 4-сессияга кыргыз журналистикасындагы кадыр-барктуу, тажрыйбалуу журналисттердин ичинен  аталган устаттар тандап алынды:

  1. Айнура Кабатай кызы
  2. Бакыт Орунбеков
  3. Кубанычбек Таабалдиев
  4. Байма Сутенова
  5. Султан Жумагулов
  6. Али Токтакунов
  7. Толкунбек Турдубаев

Бул иш-аракеттерден соң жогорудагы устаттарга шакирттерди тандап берүү боюнча долбоордун уюштуруучулары тарабынан сынак жүргүзүлгөн. Каалоочулар резюмелерин жана кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп,jashkgjournalist@gmail.com электрондук почта адресине өздөрү тууралуу маалыматтарды жиберишкен. Калыстар тобу бардык резюмелерди карап, жыйынтыктаган соң устаттар өздөрүнө төмөнкү шакирттерди тандап алышты.

  1. Сезим Токтобек кызы
  2. Мээрим Мелисбек кызы
  3. Перизат Жаныбаева
  4. Жылдыз Байысова
  5. Эркинай Исманали кызы
  6. Майсалбек Курбаналиев
  7. Бурулча Советбек кызы

 

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *