Эртең, 25-июнда “Устат-Шакирт” сабак-таалим системасынын 3-сессиясынын жыйынтыкталышы, шакирттерге сертификаттарды тапшыруу аземи болот

Устат-Шакирт долбоорунун 3-сессиясы 2015-жылдын июнь айынын соңунда жыйынтыкталды.Ошондой эле, эртең долбоордун 4-сессиясына тандап алынган Устат-Шакирттердин таанышуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев долбоордун катышуучуларына буга чейинки аткарылган иштер тууралуу айтып берет. Мындан сырткары, сабак-таалим системасы жөнүндө кененирээк маалымат берилип, келишим түзүлүп, шакирттердин милдеттенмелери боюнча документтерге кол коюлат.

Устат-Шакирттердин жолугушуусу 25-июнда саат 16:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Байланышуу үчүн телефондор: 0552 17 23 45 Рахат Саламатова

“Устат-Шакирт” долбоорунун координатору

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *