Мастер-класс: “Шайлоону чагылдыруунун юридикалык аспектилери”

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган мастер-класстарын улантат. Бул жолу “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун юристи Айжамал Джаныбаева “Шайлоону чагылдыруунун юридикалык аспектилери” тууралуу айтып берет. Ошондой эле, мурдагы шайлоо системасы менен алдыда боло турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана башка журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Мастер-класс 23-июнда саат 15:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Лекцияга катталуу үчүн байланыш телефону: 0552 17 23 45, 0772 17 23 45 “Устат-Шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатова

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *