Журналисттер үчүн пайдалуу мастер-класс: Дженерик дарылар. Сапаттуу дарыларды кантип аныкташ керек. Дарылар менен өлкөнү камсыздоо

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга багытталган мастер-класстарын улантат. Бул жолу КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек боюнча маалымат борборунун жетекчиси Замир Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Лекциянын темасы: Дженерик дарылар. Сапаттуу дарыларды кантип аныкташ керек. Дарылар менен өлкөнү камсыздоо.

Мастер-класс 21-майда саат 16:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Лекцияга катталуу үчүн байланыш телефону: 0552 17 23 45, 0772 17 23 45 “Устат-Шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатова

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *