Султан Жумагулов “Журналистикага жол” аттуу китеп жазууда

11111039_824887190925410_4366986159797448403_nБелгилүү устат журналист Султан Жумагулов “Журналистикага жол” аттуу колдонмо-китеп жазууда. Бул тууралу “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурган “Устат-шакирт” аттуу жыйында автор өзү кабарлады. Китеп кыргыз тилинде жатык, жөнөкөй тил менен жазылып, болочокто журналисттик кесипти аркалоону чечкен улан-кыздарга, бул ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары жооптуу кесипке дитин койгондорго, деги эле журналистикага кызыккандарга арналган.

Бул практикалык колдонмого “Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмеси, АКШ элчилигинин каржылык колдоосу аркылуу чыгарганы жатат.

Султан Жумагулов кезинде Би-би-си радиосунда кабарчы, “Азаттыкта” директор, ЭлТР жана КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *