2015-жылдын март айынын соңунда устат-шакирт системасынын 2-сессиясы жыйынтыкталды. Андан алынган сабактардын негизинде устат-шакирт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча катышуучулар тарабынан талкууланып, жыйынтыктар чыгарылат.
Мындан сырткары, фейсбук социалдык баракчасындагы жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде кезектеги 3 айлык 3-сессияга кыргыз журналистикасындагы кадыр-барктуу, тажрыйбалуу журналисттердин ичинен аталган устаттар тандап алынды:
- Айнура Кабатай кызы
- Бакыт Орунбеков
- Кубанычбек Таабалдиев
- Байма Сутенова
- Султан Жумагулов
- Кубат Чекиров
- Али Токтакунов
Бул иш-аракеттерден соң жогорудагы устаттарга шакирттерди тандап берүү боюнча долбоордун уюштуруучулары тарабынан сынак жүргүзүлгөн. Каалоочулар резюмелерин жана кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, jashkgjournalist@gmail.com электрондук почта адресине өздөрү тууралуу маалыматтарды жиберишкен. Калыстар тобу бардык резюмелерди карап, жыйынтыктаган соң устаттар өздөрүнө төмөнкү шакирттерди тандап алышты.
- Назик Досалиева
- Таңчолпон Бакытбек кызы
- Асел Моконова
- Касиет Жолдошбекова
- Рахат Акматова жана Бакыт Төрөгелди уулу
- Аскатбек Шумкарбек уулу
- Элвира Султанмурат кызы жана Гулира Байзакова