3-апрелде “Устат-Шакирт” сабак-таалим системасынын 2-сессиясынын жыйынтыкталышы, шакирттерге сертификаттарды тапшыруу аземи болот

Устат-Шакирт долбоорунун 2-сессиясы 2015-жылдын март айынын соңунда жыйынтыкталды.

2015-жылдын 3-апрелинде “Устат-Шакирт” сабак-таалим системасынын 2-сессиясынын жыйынтыкталышы, шакирттерге сертификаттарды тапшыруу аземи болот.

Ошондой эле, долбоордун 3-сессиясына тандап алынган Устат-Шакирттердин таанышуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев долбоордун катышуучуларына буга чейинки аткарылган иштер тууралуу айтып берет.

Мындан сырткары, сабак-таалим системасы жөнүндө кененирээк маалымат берилип, келишим түзүлүп, шакирттердин милдеттенмелери боюнча документтерге кол коюлат.

Устат-Шакирттердин жолугушуусу 3-апрелде саат 15:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Байланышуу үчүн телефондор: 0552 17 23 45 Рахат Саламатова

“Устат-Шакирт” долбоорунун координатору

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *