“Устат-шакирт” долбоорунун кезектеги сессиясына шакирттерди тандоо башталды

Устат-Шакирт сабак-таалим долбоорунун апрель-май-июнь айларында боло турган кезектеги сессияга шакирттерди тандоо башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынды:

  1. Айнура Кабатай кызы
  2. Бакыт Орунбеков
  3. Кубанычбек Таабалдиев
  4. Байма Сутенова
  5. Султан Жумагулов
  6. Кубат Чекиров
  7. Али Токтакунов

Жогорудагы устаттарга шакирт болууну каалаган жаш журналисттер  кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, эмне үчүн ошол устатты тандап жаткандыгын жазып jashkgjournalist@gmail.com электрондук почтасына резюмелерин жөнөтүүлөрү керек. Калыстар тобу жана устаттар бардык резюмелерди карап чыгышат. Жалпысынан 7 устатка 7 шакирт тандап алынат.

Белгилей кетсек, резюмелерди кабыл алуу 27-мартка чейин улантылат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *