Кабар жана кабарчылык – кыйын иш турбайбы

Кабарды туура кабыл алып, аны кардарларга туура жеткирүү адамзат тарыхында дайыма эң негизги көйгөйлөрдөн болуп келген. Анткени кабарга жараша элдин, үй-бүлөөнүн жана инсандын тагдыры өзгөргөн. Кабар адамдарды туура нукка баштаган же коомду толугу менен туңгуюкка кептеп, чирип жок болуусуна себеп болгон.

Кабардын так жетүүсү маалыматтын тууралыгына жана ал маалыматты жеткирген адамдын акыл-эсинин жетиктиги жана моралдык тазалыгына байланыштуу. Эгер маалымат туура эмес болсо, көгөрүп кеткен сары майдай болуп, ууланткандан башка эч нерсеге жарабайт. Эгер маалыматты жеткирген адамдын интеллектуалдык жана руханий абалы кабарга ылайык болбосо, кабар жеткиликсиздик менен же тетирисинче аша чабуулук менен коштолушу мүмкүн.

Гезит чыгарууда дагы бир көйгөй ортого чыккан. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астындагы Маалымат жана массалык коммуникация бонча департаментинин директору Норузбаева Бактыгуль, борбор Бишкекте басылган гезиттердин элетке жеткирилүүсүндө көйгөйлөр көп деди. Бул милдетти аркалап келген “Кыргызпочта” мамлекеттик ишканасы каражат жетишсиздигинен улам ишти аксатып келүүдө.

Демек, кабардын мазмуну гана эмес, маалыматтын аймактарга толук жана тең салмактуу жеткирилүүсү дагы өзүнчө проблемага айланган. Бул болсо, саясый баш болуп, коомдук жашоонун бардык тармагында борбор адамы менен элеттиктин аң-сезими менен руханий дүйнөсүндө келишпестиктердин пайда болуусуна жол ачышы мүмкүн.

 “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын” төрагасы Шамарал Майчиев жана жеке журналистиканын аркалагандар, бул көйгөй ЖМКлардын Кыргызстанда бир өңчөй калыптанбагандыгына байланыштуу дешет. Мисалы 2,5-3 миллиондук Монголияда күн сайын чыгып, окурманына убагында жеткирилип турган 34 гезит бар. Шамарал Майчиевдин айтымында, жумасына эң көп дегенде эки жолу араң чыгып жаткан кыргыз гезиттеринен айырмаланып, монгол гезиттери бардыгы бирдей шартта старт алган. Ал шарттар: биринчиден – рыноктук мэнежментти колдонуу, экинчиден  – маалыматка товар катары кароо, үчүнчүсү – кабардын саны менен сапатына бирдей олуттуу мамиле кылуу болгон.

Биздин гезиттер мамлекеттик, анын ичинде республикалык, облустук жана райондук, донордук (башка мамлекет, саясий топ, жеке ишкер) гезиттер жана кабарга товар катары мамиле кылган басылмалар болуп үч негизги топко бөлүнөт. Ошого жараша маалымат тенденциялуу тандалат, капчыка жараша жалданган журналисттер тарабынан кабар кардарга алып чыгылат жана кайсы регионго таасир берилиш керек болсо ат тезеги кургабастан жеткирилет. Кабарга мындай мамиле кылуу кыргыз коомунун бөлүнүүсүнө шарт түзүп келет. Кесепеттери баарыбызга маалым.  

Сотторго караганда, журналисттер менен кабарда аты аталган адамдардын ортосундагы конфликттерди ыкчам чечип келе жаткан, ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясына 2008-жылдан бери 70 арыз түшүп, анын 40 каралып чыккан. 2009-жылы кыргызстандык журналисттеринин Республикалык конференциясында кабыл алынып, практика жүзүндө өзүнүн керектигин далилдеген Кыргызстан журналистинин этикалык кодексти 127 жолу бузуу катталган, кызыгы ал бузуулардын 9%да гана журналисттин жеке кызыкчылыгына байланыштуу болгон. Демек азыр кабар жеткирүүдө кесипкөйлүк жана адеп биринчи катардагы көйгөй десек болот.

Журналисттер Кодекстинин адамдын абийирине жана намысына шек келтирүүгө, диний, этникалык жана регионалдык жактоочулукка, сот чечими чыкпай жатып эле күнөөлөгө, кабар менен кабарды жорууну аралаштырууга тиешелүү пункттарын баймабай бузушууда. Бул факт ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын юристтери Ибраимкулов Кангелди жана Жаңыбаева Айжамалдын 2015-жылынын февраль айында 23 кыргыз жана 9 орус тилдүү гезиттерге жүргүзүлгөн мониторингинде белгилүү болгон.

Маалыматты алып жана аны алымча-кошумчасыз жеткирген журналист эмне үчүн журналистиканын негизги көйгөйү болуп калды деген суроонун дагы кызык жооптору бар экен. Атка жеңил тайга чак кыргыз журналистти өкмөттүк 2000 сомго жана башка мамлекеттин таламын тымызын талашкан ЖМКда 500 АКШ доллар айлыкка иштеп келет. Бир-эки ай бекер иштетип, анан “бизге жарабайт экенсиң” деп бир тыйын бербей чыгарып жибергендер да болот экен. Эмне үчүн дегенде, көбүнчөсүн ЖМКнын ээлери менен редакциянын ортосунда Келишим түзүлбөгөндүктөн, редакция менен журналист ортосунда да кандайдыр бир укуктук байланыш жокко эсе.

Демек, жалпы коомдун Эмгек кодекси менен иши жоктугунун үстүнө үстөккө босток болуп, журналисттер дагы 2009-жылы биригип кол коюшкан Кыргызстан журнилистинин этикалык кодекси менен иши жок экени билинди. Бирок журналисттердин жана аларды жалдап иштеп жаткандардын ортосунда бул элементардык нормалар кармалбаса коомчулукту бириктирип, жогору жетелеген кабар жана кабарчылык тууралуу сөз деле кылуубуз кыйын окшойт.

Булак: saresep.kg

Автор: Эсен Өмүракунов

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *