Журналисттик иликтөө предметин тандоо

Иликтөө тапшырмасын же редактор берет же репортер өзү көтөрөт. Кандай болбосун журналист баш редакторду ынандырышы керек. Андан соң мындай оор жана татаал ишти жасоого өзүнүн даярдыгы, күчү, ошо жердеги жагдай төп келер – келбесин салмактоосу кажет. Бул иште тобокелдик деген да бар, аны да эске албаса болбойт. Ушунун баарын калчап чыккан соң гана бул ишке киришүү оң. Адегенде план түзүп алабыз:

1. Иштин аты. Мисалы, не себептен кен комбинаты эл ичинде эки анжы пикирди жаратууда?

2. Эмне себептен бул тема көпчүлүктүн бүйүрүн кызытат, мунун арты эмнеге алып келет, коомго канча пайда-батасы бар? Журналист иштеген гезит (радио, теле) канча элге жагат?

3. Ыкмалар. Журналист эмне иш кылат, ким менен кездешет, кандай материалдарды чогултат ж.б.у.с.

4. Бул иштин күнү. Канча убакыт коройт, кимден кандай жардам керек болот, тобокелчилик барбы, арты жамандыкка айланбайбы?

5. Жыйынтыгы. Материал качан жарыяланат? Сериялар болобу же бир чулу материалбы, кайсы бетке коюлат (же кайсы маалга обого чыгат) ж.б.у.с.

Иликтөө кантип жүргүзүлөт?

Бул жанр журналисттен бир чети талантты, табигый жөндөмдү сурайт, бир чети илим да болуп саналат. Бул талыбаган жана сабырдуу эмгекти талап кылат. Бирок бир катар катаал эрежелер бар. Мисалы, журналист өз материалында эч качан өз жеке пикирин айтууга акысы жок. Айталык, бирөөнү коррупционер же пара жегич деп атай албайбыз, анын ордуна ар кайсы айныгыс документтер аркылуу адамдын ушундай экенин көпчүлүккө көргөзүп берип тим болобуз. Дайыма шилтемелер болушу кажет. Иликтөөчү журналист мыйзам чегинен чыкпайт, ошондой эле этика эрежелерин көздүн карегиндей сактоого милдеткер. Ал дайыма окуядан жана ашкерелеп жаткан адамдан өйдө болот. Бул деген эч кандай саясый максатты көздөбө, маалыматты сатып алба, жеке кызыкчылыктарга алдырба, бирөөнүн жеке менчигине уруксатсыз кирбе дегенди билдирет. Эгер маалымат берген адам анын атын атабоону өтүнсө, аны сөз жок купуя кармаш керек, бул ыйык иш. Ошондуктан, маалымат берген адамдын уруксатысыз анын документтери, кагаздары эч кимге берилбейт жана бекем сакталат. Мисалы, АКШда журналист өз маалымат булагын ачыкка чыгаргандан көрө түрмөгө жатканды артык көрүшөт экен.

Фактылар менен ой-пикирлер арбын болсун

Иликтөө жүргүзүп жаткан журналист фактыларды жана ой- пикирлер менен комментарийлерди арбын колдонгону туура. Окуянын түпкү себебин ачып берүүгө тиешелүү ар бир факт же авторитетүү пикир окурмандын же угармандын ишенимин арттырат. Анын үстүнө журналист бир жагына тартып жаткан жокпу деген шектенүүдөн алыстатат.

Факты деген эмне болгонун айтып берет.

Пикир деген бул окуянын ар тараптан ачат, аны баалайт. Албетте, иликтөө абдан татаал иш, ар жерден кынтык тапса болот. Ошондуктан, фактыларга жана пикирлерге абдан этият мамиле жасоо керек. Фактыларды ар кандай аласалдыра берүү арты опурталдуу, соттошмой, сүйрөшмөй деген болот эмеспи. Кыргыз басылмаларында фактыларга үстүрт мамиле арбын кездешет. Өзүңүн жүрөгүң менен кайсы жактын тууралыгын сезип турсаң да, далили жок айтууга болбойт.

Шилтемелердин мааниси

Автор фактыларды өзү эле баяндай берсе, ага болгон ишеним төмөндөй берери аныкталган. Муну көбүнчө автордун жеке пикири катары кабылдашат. Ошондуктан, ишенимдүү булактарга таянып туруу абдан пайдалуу. Мисалы: митингге канча адам катышты? Бул суроого ар тарап ар кандай карайт? Бул мисалды атоодо журналист, айталык, митингди уюштуруучуларга, жергиликтүү бийликке жана байкоочуларга дайыма шилтеме жасоосу туура.

“Мен”, “Биз” дегендердин орду

“Мен” дегендин атынан жазылган материалдар көбүнчө күмөн туудурат. Журналист өз оюн же позициясын айтып жана таңуулап жатпасын деген суроо пайда болот. Ал эми “Биз” деп жазылган материалдар болсо редакциянын гана атынан жазылат. Мында да абайлаш керек. Бул гезит, макал автору деп кошуп коюу туура. Менин президентим, биздин премьер деп атоодон алыс болуу кажет. Журналист дайыма үчүнчү жак.

“Мен” дегендин орду

Макалада “Мен” дегендин да орду бар. Мисалы, ал иликтөө жүрүшүн айтып бере алат, өз эскерүүлөрүн, кайгы-капасын ачыктай алат, ошондой эле өзү катышкан адамдардын баскан- турганы тууралу оюн айтса болот. Кыскасы, автор окуянын катышуучусу жана иликтөөчүсү катары чыга алат. Тажрыйбалуу журналисттер өз “Менин” абдан ыгы менен, бирөөнүн көңүлүн оорутпагыдай билдире алат. “Мендин” болушу окуяга жандуу катышуу сезимин берет.

Иликтөө текстин кантип даана жана так камдоо керек

Журналист абдан дыкаттык менен фактыларды тизмелеп чыгат, чачкындык окурманды жүдөтөт. Дайыма ырааттуу баяндап жүрүп отурган эп. Сөздөр жөнөкөй жана түшүнүктүү болсун, ар кандай терминдер, чет түшүнүктөрдү зарылдыгы жок колдонуу керек эмес. Кош мааниси бар тыянактардан алыс болуу кажет.

Кандай коркунучтар бар жана алардан кантип сактануу керек?

Журналисттик иликтөө жанрын аркалаган журналисттер дайыма коркунучтарга кабылышат. Ошон үчүн мурдатан сыналган айрым кеңештер бар. Айталык, телефон аркылуу коркутса, эгер үйдөгү телефонго чалышса, сөздөрүн диктофонго жазып алуу керек. Журналисттин үйүндө номур аныктагыч телефон турганы жакшы. Үн аркылуу адамды ашкерелөөгө пайдасы тийет. Сүйлөө манерасын, диалектисине көңүл буруу кажет. Телефон аркылуу коркутуп жатканы тууралу арыз жазып, милицияга ырасмий кайрылуу керек.

Кокус барымтага кармап кетишсе, такыр каршылык көрсөтпөстөн, жүрөктү токтотуп, ким экенин, кайда алып бараткандарын эстеп калууга кеңеш берилет. Эгер бирөөсүн эстеп калсаңыз, шек алдырбоо туура. Эгер машинеде баратсаңыз, жолдо бир кырсык болсо, абдан сак болууга тийишсиз. Адатта мындай кырсыкты атайылап уюштурмайлары да бар.

Эгер сиз маанилүү окуянын артынан түшүп, иликтеп жатсаңыз, анда телефонду тыңшашы мүмкүн, атурсун электрондук каттарды да окубайт деген кепилдик жок. Ошондуктан, эң маанилүү сөздөрдү көчөдө жүргүзүү туура жана андай учурларда чөнтөк телефонду калтырып койгон оң.

Макала же макалалар түрмөгүн жазуу алдындагы соңку штрихтер

Макала жарыяланарга даярдалып, документтер такталып, алынган маектер кагазга түшүрүлүп жана бирден көчүрмөсү бек жерге катылган соң, эң акыркы, орчундуу интервьюнун кезеги келет. Эми иликтөөнүн чордонунда турган адам менен көзмө-көз аңгемелешүү керек болот. Себеби журналистиканын эң башкы принциби саналган чатакка катышы бар бардык тараптарга сөз берүү керек эмеспи. Айталык, бул адамдын кызмат даражасы бийик болуп же башка себептен улам сиз менен маектешкенге шарты келбесе, анда жок дегенде анын көз карашын айтып бере ала турган адамды табуу керек болот. Ошондон кийин гана макаланы жазууга киришүү керек.

Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгын бир макала же түрмөк, атурсун китеп аркылуу жеткирүү жолдору бар. Журналист жыйынтыгын эле эмес, бул тыянакка келүүгө түрткү берген маалыматтарды баяндап бериши кажет.

Талаптар болсо белгилүү – баяндын ырааттуулугу, тактык, ар бир тыянакты цитаталар, документтердеги фактылар менен тастыктап жана бышыктап берүү зарыл.

Иликтөө макаласында үстүрт ой жорууларга (“ушундай болсо керек”, “балким, ошондой ойлогондур” деген өңдүү) эч качан жол берүүгө болбойт. Кичине эле калпыстык кетирүү менен бүт иликтөөгө доо кетирип алууга, кийин ар кандай убаракерчиликтерге кабылуу мүмкүн. Дал таксыздыктан же калпыстыктан улам азыр журналисттер соттук доолорго жыгылып жүрүшпөйбү.

Ошондой эле сөздөрдө жана сүйлөмдөрдө кызуу кандуулуктан, обу жок көркөмдүктөн да сак болуу талап кылынат. Анткени, андай сөздөрдү жалаа, кордоо же кемсинтүү катары баалап, дал ошол аркылуу сотко кайрылышы ажеп эмес.

Макала жазылып бүткөн соң аны эки-үч күнгө жылдырып, атурсун унутуп коюуга кеңеш берилет. Адатта иликтөө фактылары бул мөөнөт ичинде эскирип кетпейт. Эки-үч күндөн кийин макаланы окусаңыз, анын калпыс же алешем жактары көзгө урунбай койбойт. Ошондон кийин ийине жеткире иштеп чыгып, редактор менен акылдашса болот.

Арты эмне болду?

Макала жарыялангандан кийин адатта ошол иликтөө боюнча жаңы маалыматтар түшө баштайт. Сиз мурда-кийин билбеген адамдар келип, иликтөө материалына жаңы толуктоолорду киргизиши ыктымал. Атурсун макаланын нугу да өзгөрүп кетиши ажеп эмес. Бирок, мындайда чечимди чукул өзгөртпөңүз, жеңил ойго алдырбастан, ар бир жаңы маалыматка сабырдуулук жана шектенүү менен кароо зарыл. Иликтөө арты менен маалымат каражаттары аркылуу сизге каршы өнөктүктөр да башталышын жокко чыгарууга болбойт. Соттук териштирүүлөр да болушу ыктымал. Ушундай коркунучтардан сак болуу үчүн иликтөө материалын жазууда жети өлчөп, бир кесүү, абдан жоопкер мамиле талап кылынарын унутпашыбыз керек.

Султан Жумагулов

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *