“Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин чеберчилигин арттырууга арналган мастер-класстарын улантат. Бул жолу диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында диний темалардын чагылдырылышы боюнча ой бөлүшөт.
Мастер-класс 7-мартта саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.
Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.
Байланышуу үчүн телефондор: 0550 539 555 Улан Эгизбаев, 0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.