Эл аралык мамилелерди чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу мастер-класс

Журналисттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу мастер-класс! “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы кесиптештердин чеберчилигин арттырууга арналган мастер-класстарын улантат. Бул жолу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин төрагасы, мурдагы журналист Каныбек Иманалиев жаш журналисттерге эл аралык мамилелерди чагылдыруунун эрежелери, өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорго жооп берет. К.Иманалиев ошондой эле катардагы кабарчылыктан президент катчылыгына чейинки эмгек жолундагы, андан кийинки саясый ишмердигиндеги өз тажрыйбасы менен да бөлүшөт.

Эскертүү: мастер-класска “Устат-шакирт” долбоорунун катышуучулары сөзсүз катышышы шарт.

Мастер-класс 28-февралда саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет. Каалоочулар үчүн эшик ачык. Сурап билүү телефондору: 0550 539 555 Улан Эгизбаев, 0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.

Каттоодон өтүү үчүн 0552 172 345 номуруна Рахат Саламатовага кайрылыңыздар.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *