Ибраим Нуракун уулу: “Журналисттер оңолмоюн коом оңолбойт”

10981075_804300449650751_5991791256175844193_o“Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштуруп келген мастер-класстарын улантууда. Бүгүн “Кабар” агенттигинин басма сөз жыйынында BBC радиосунун башкы кабарчысы Ибраим Нуракун уулу эл аралык журналистиканын өзгөчөлүктөрүн айтып, Лондон тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мастер-класска Кыргызстандагы ар түрдүү ММКлардан келген 50дөн ашык журналисттер катышып, лекциянын соңунда журналисттик чеберчилик тууралуу ар кандай суроолорду берип жооп алышты. Ибраим Нуракун уулу өз сөзүндө журналисттер оңолмоюн коом оңолбой тургандыгын айта кетти.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *