Бегим Турдалиева: “Журналисттин жөндөмү болбосо макаланын тузу кем аш сыяктуу даамы чыкпайт

921756_301923379940981_548166310_oЧыныгы журналист кандай болушу керек деген суроого жооп табуу үчүн журналистика тармагында ак пейли менен кызмат кылып, чындыкты ачык айтып, коомго жол көрсөтүп, талыкпай таза иштеген кесипкөй журналисттердин баскан жолдорунан жана асыл ойлорунан билүүгө болот. Жаш журналисттердин бул сайтыбызда кесипкөй журналисттер менен маек куруп, алардын кеп-кеңешин алып, жаш журналисттерге багыт берүүнү туура көрдүк. Бул жолу  тажрыйбалуу, такшалган, Кыргыз журналистикасында өзгөчө из калтырган кайталангыс эмгектин ээси Бегим Турдалиева менен маек курдук.

-Бегим эже, алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?. Балалыгыныз кайсы жерде өттү эле?

-Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында туулуп-өскөм. 1981-жылы айылдагы орто мектепти бүткөндөн кийин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүнө окууга өтүп, 1986-жылы аяктадым. Окууну бүткөндөн кийин “Мектеп” басмасында иштедим. Андан кийин “Заман Кыргызстан” гезитинде,  “Кабар” маалымат агенттигинде, ал эми 1998-жылдан баштап “Эркин Тоо” гезитинде иштеп жатам. Эки кыз, бир уулубуз бар. Жолдошум Билим берүү министрлигинде эмгектенет. Улуу кызым Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктаган. Кичүү кызым мамлекеттик мекемелердин биринде бухгалтер болуп иштейт. Уулум №61 мектептин 3-классында окуйт.

-Журналистика кесибин кандай себептен улам тандап алдыңыз?

-Мектепте окуп жүргөндө кыргыз тили жана адабият сабагын жакшы көрчүмүн. Сочинениени  дайыма “5” деген  баага жазчумун.  Китеп-гезит окуганды жакшы көрөөр элем. Анан бир күнү 6-7-класс болсом керек эле, капыстан эле райондук гезитке “Баткакка бай көчөлөр” деп тема коюп, сын кабар жазып,  салып жибердим. Кабарым  кандай жазсам ошол бойдон гезитке чыгып келди. Биздин айыл аябай чоң айыл. Айылдын башынан аягына чейин узун-узун көчөлөр бар. Айылдын негизги көчөсүнүн биз жашаган  ылдый жагы жаз-күз аябай баткак болчу. Бир күнү айылга жаңы эле келин болуп келген жеңебиз жолдун ары жагына өтүп, суу алам деп бир бутундагы гөлөчү  жол ортосунда  баткакта  калды.  Өзү аттап-буттап аркы бетке өтүп, бир бутун жерге коё албай “ушундай да жол болобу” деп ыйламсырап турганын көрүп аябай күлдүк. Ошондо оюма капыстан бир нерсе кылт этип, гезитке жазыш керек деген ойго келдим. Мурда гезитке элдин, жетекчилердин мамилеси башка эле. Менин сын кабарым чыккандан көп узабай эле айылдык кеңештин төрайымынын редакцияга менин  сын-кабарымды ырастаган жана жолду оңдоого убада кылган каты  да жарыяланып, жыйынтыгында жолго таш төшөлүп, баткактан кутулдук.  Ошентип ушул кабарым менен айылга бир дүң болдум. Муну кээ бирлер туура көрсө, айрымдар өз айылыңды ушинтип районго уят кыласыңбы деп  анча жактырышкан жок. Ушундан баштап райондук гезитке, “Кыргызстан пионерине” кабарларды жаза баштадым. Менин  журналист болуума ушундай жагдай түрткү болду деп ойлойм.

-Сиздин оюңузча журналист болуу үчүн сөзсүз билим керекпи же жөндөм маанилүүбү?

– Сөзсүз жөндөм маанилүү деп ойлойм. Университеттен алган билим  журналист болуу үчүн аздык кылат. Сөзсүз табияттан шык, жөндөм болушу керек. Жөндөмү бар адам журналисттик билими жок болсо деле жакшы журналист боло алат. Ал эми билим аң-сезимди өстүрүүдө, дүйнө таанууда керек. Дүйнөнү кандай таанып, кандай кабыл аласың, башкалар көрбөгөн, байкабаган нерселерди сезип-туюп, айта билүү үчүн  табият ыроологон өзүңдүн бир  ички дүйнөңдүн шыбышы – бул ошо жөндөм болсо керек. Макала жазгандын техникасын өздөштүрүп алууга деле болот. Бирок табияттан жөндөм болбосо дайыма тузу кем аш сыяктуу даамы чыкпайт деп ойлойм.

Журналистика тармагында эң кызыктуу окуялар болуп турса керек? Эсиңизде калган унутулгус окуяларыңыздан айтып бересизби?

-“Эркин Тоого” келгенден баштап жалаң Президент, Премьер-министр  катышкан расмий иш-чараларды, парламент ишмердигин чагылдырып иштедим. Бир күнү экс-президент Аскар Акаевдин  чет элдик мейманды кабыл алуусуна  кечигип бардым. Чакырылган журналисттердин баары 7-кабаттагы посттон өтүп,  залга кирип кетишип, коридордо бир жан жок, тымтырс болуп калыптыр. Мындайда кээде киргизбей деле коюшчу. Бирок постто турган сакчы жигит  документтеримди деле анча карабай, “сизди билебиз да,  бат кирип кетиңиз, Президент келе жатат” деп шаштырып калды. Шыпылдай басып, шашылган бойдон “квадратный” деп аталчу залга шарт кирип барганымда камера, фотоаппараттарын шыкаалап даяр тургандар аз жерден шарк-шурк тартып жибер жаздашып, мени көргөндө баары күлүп жиберишти. Президенттин босогондон аттап киришин күтүп түздөнө түшкөн ошол кездеги тышкы иштер министри Аскар Айтматов дагы  жанында тизилип турган 2-3 киши менен күлүп калышты. Мен болсо  журналисттердин арасына кирип кетип, уялганымдан эмне кылаарымды билбей кайсалап туруп калдым. Аңгыча Президент коштогон кишилери менен адатынча жаркылдап кирип келди. Ошондо  бир коллегам  айткандай “бир секундга да болсо Президент болгонумду” эстеп көпкө күлүп жүрдүм.

Сиздин оюңузча  учурда кыргыз журналистикасына эмне жетишпейт? Чыныгы кесипкөй журналист кандай болушу керек?

-Мен кыргыз журналистикасы андай-мындай деп наалыгым келбейт. Кыргыз журналистикасы да коомдук өнүгүү процесси менен кошо өзүн-өзү таануу жолунда бара жатат. Өсүп-өнүгүүнүн белгилүү бир тепкичине чыгуу үчүн ушундай бир мезгилден өтүш керек окшойт. Ошентсе да коомдо кыргыз тилдүү гезиттер ушак-айыңдарды гана жазат деген пикир көбүрөөк орун алып баратканы ардантпай койбойт. Албетте, бул пикирдин кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар.  Маалыматтын тактыгы жагынан аксап жатабыз. Кимди болбосун сындаса, терс көрүнүштөрдү коом алдында ашкерелесе болот, бирок  имиш, божомол иретинде эмес. Тилекке каршы, биз журналисттик иликтөөгө эмес, көбүнчө чын-жалганы аныкталбаган ушак-айыңды жайылтууга салым кошуп жатабыз. Мына Султан Жумагуловго байланыштуу түркүн кептер айтылып жатат. Эч бир журналист  маалыматты тактоо үчүн аны менен кошо барган делегация мүчөлөрүнөн өз кулагы менен угуп, айткан дегенин камерага, диктофонго жазып, анан  коомчулукка маалымат тараткан жери жок. Же болбосо маалыматты тактоонун башка жолун издеш керек да. Эгерде ал окуя кызыктырса иликтөө зарыл, болбосо жазып кереги эмне? Журналист калп айтпашы керек. Чыныгы кесипкөй журналист ар бир сөзүнө  жооп берет

Кайсы бир иштин майын чыгаруу үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

-Күчтүү эрк, талбаган эмгек, анан  албетте, каалоо болушу керек го.  Негизи ар бир жасаган ишиңдин маанилүүлүгүн, зарылдыгын жүрөгүң менен сезип, берилип жасоонун өзү майын чыгаруу деп ойлойм. 12-кылымдын орто ченинде курулушу башталып, 600 жылда араң бүткөн  немец элинин дүйнөгө белгилүү эң кооз Кельн соборуна байланыштуу притча бар эмеспи. Бир чет элдик адам соборду куруп жаткан усталардын жанына келип, биринчи кезиккен адамынан “Эмне кылып жатасың?” деген суроосуна тиги “таш ташып жатам” деп көңүл кош жооп берет. Ошол эле суроого экинчиси да кайдыгер “иштеп, үй-бүлөмдү багып жатам” дейт. Ал эми үчүнчүсүнө “Сен эмне кылып жатасың?” – деп сураса тиги көздөрү жайнай түшүп, “ажайып кооз Кельн соборун куруп жатам” деп сыймыктануу менен жооп бериптир. Демек, ал  кылган ишинен убакытты өткөрүп же жашоо үчүн акча табууну гана көрбөстөн, кооздукту, жакшылыкты, адамдарга кубаныч тартуулоону көрө билген. Ошондон ырахат алып, шыктанып, ишинин майын чыгарып иштеген усталардын колунан чыккан Кельн собору  бүгүн да миллиондогон адамдарды өзүнүн ажайып кооздугу менен арбап, аны барып көрсөм деген туристтер дүйнөнүн төрт бурчунан агылып келип турушат.

Кыргыз журналистикасында Устат-Шакирт  долбоору ишке ашып жатат. Бул сабак- таалим окутуу системасы тууралуу уктуңуз беле? Эгер кабардар болсоңуз бул долбоорго кандай көз караштасыз?

-Ооба. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен  бул долбоордун иштеп жатканынан кабарым бар.  Шакирт болуп, улуу муундардан таалим-сабак алууга ынтызар жаштар бар экени кубандырат. Демек,  бул учур талабына, жаштардын каалоосуна дал келген долбоор деп ойлойм. Негизи эле профессионалдык гана жактан эмес, муундардын байланышы, улуу-кичүү ортосундагы жакшы ымала болгону жакшы көрүнүш. Андыктан бул долбоор кайсы жагынан болбосун пайдалуу жана зарыл иш деп билем.

Сизге эркин микрофон:

– Ар бир адам, мейли ал жогору даражалуу чиновникпи же катардагы карапайым адамбы, ким болбосун  коом алдында кылган ишинин жоопкерчилигин  сезе билиши керек.  Биздин ар бирибиз  өзүбүздүн кадамыбыз менен коомго зыян же пайда алып келишибиз мүмкүн. Мисалы, алдыда шайлоо келатат. Биз кимдерди шайлайбыз ал өз колубузда. Бүгүн өзүбүз шайлап, эртең кайра өзүбүз иренжип отурууга эми бизде убакыт жок.  Өлкөбүздүн мындан аркы тагдырына бийлик гана эмес, аларды  бийликке алып келген  өзүбүз да жооптуу экенибизди унутпасак.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *