Кезектеги сессияга устаттар жана шакирттер аныкталды

2014-жылдын декабрь айында устат-шакирт системасынын 2-сессиясы жыйынтыкталды. Андан алынган сабактардын негизинде устат-шакирт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча катышуучулар тарабынан талкууланып, жыйынтыктар чыгарылды.

Ошондой эле, 2014-жылдын декабрь айында фейсбук социалдык баракчасындагы жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде кыргыз журналистикасындагы кадыр-барктуу, тажрыйбалуу журналисттер кийинки сессияга устатыкка көрсөтүлгөн.

Анын негизинде кезектеги окутууга аталган устаттар тандап алынды:

  1. Айнагүл Мукамбетова
  2. Айнура Кабатай кызы
  3. Жанар Акаев
  4. Байма Сутенова
  5. Бакыт Орунбеков
  6. Кубанычбек Таабалдиев
  7. Али Токтакунов

Бул иш-аракеттерден соң жогорудагы устаттарга шакирттерди тандап берүү боюнча долбоордун уюштуруучулары тарабынан сынак жүргүзүлгөн. Каалоочулар резюмелерин жана кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, электрондук почта адресине өздөрү тууралуу маалыматтарды беришкен. Калыстар тобу бардык резюмелерди карап, жыйынтыктаган соң устаттар өздөрүнө төмөнкү шакирттерди тандап алышты.

  1. Касиет Кубанычбек кызы
  2. Медина Таалайбек кызы
  3. Назгүл Дөөлөткелдиева
  4. Сезим Токтобек кызы
  5. Бакыт Төрөгелди уулу
  6. Мирбек Сакенов
  7. Айдай Амангелди кызы
, ,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *