“Устат-шакирт” долбоорунун кезектеги сессиясына шакирттерди тандоо башталды

Устат-Шакирт сабак-таалим долбоорунун кезектеги сессиясына шакирттерди тандоо башталды. Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн устаттарды тандоо сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен аталган устаттар тандап алынды:

  1. Айнагүл Мукамбетова
  2. Айнура Кабатай кызы
  3. Жанар Акаев
  4. Байма Сутенова
  5. Бакыт Орунбеков
  6. Кубанычбек Таабалдиев
  7. Мырзакат Тыналиев

Жогорудагы устаттарга шакирт болууну каалаган жаш журналисттер  кайсы устатты тандай тургандарын белгилеп, эмне үчүн ошол устатты тандап жаткандыгын жазып jashkgjournalist@gmail.com электрондук почтасына резюмелерин жөнөтүүлөрү керек. Калыстар тобу жана устаттар бардык резюмелерди карап чыгышат. Жалпысынан 7 устатка 7 шакирт тандап алынат.

Белгилей кетсек, резюмелерди кабыл алуу 24-декабрга чейин улантылат.

,
3 comments to ““Устат-шакирт” долбоорунун кезектеги сессиясына шакирттерди тандоо башталды”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *