Н.Калмамат кызы: “Устат-шакирт долбоору” эң мыкты мектеп, эң мыкты деңгээлдеги тажрыйба алмашуу

10671462_1502906589985754_2501173412860652572_n

Учурда “Устат-Шакирт” долбоору кызуу уланып жаткан кези. Биздин процессти байма-бай байкап турган, жаштар үчүн өткөрүлгөн лекцияларга активдүү катышкан замандаштар фейсбук баракчасына комментарий берүүдө. Бул шилтеме аркылуу фейсбуктагы баракчабызды көрсөңүз болот. Алардын бири жаш активист Нуржамал Калмамат кызы баракчабызга биз жөнүндө мындай пикирлерди калтырган экен:

Нуржамал Калмамат кызы: “Мен бул “Устат-Шакирт” долбоорунун кандай иштеп жаткандыгын сырттан көргөн жөнөкөй инсан катары өз оюмду айткым келет. Бул долбоор мыкты экен. Чындыгында жаңы журналистика багытына аралашып жаткан адам үчүн эң мыкты мектеп, эң мыкты деңгээлдеги тажрыйба алмашуу, өзүнүн ишин мыкты билген агай-эжейлерден сабак алууга чоң мүмкүнчүлүк берет экен. Анткени мен журналистика тармагында окуп жаткан тууганым Алимбү Токтогул кызы шакирт катары чоң жылыштарга ээ болуп жатканын жанынан көрүп байкап жатам. Ал эми “Устат-шакирт” долбоорунун координатору Рахат Саламатова жөнүндө айта кетсем, ал өз кесиби үчүн күн-түн дебей иштегени көрүп, ар дайым жакшы маанай тартуулаган, кесипкөй адис экенин байкадым. Бардык билим алып жаткан шакирттердин ишине ийгилик каалайм!”

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *