Басма сөз кызматтары качан “басышат?

1418216754

Учурда дээрлик ар бир министрликтердин, ведомстволордун басма сөз кызматтары, катчылары  бар. Аларга атайы бюджеттен жалыйна төлөнөт. Бул кызматтардын максаты ошол мамлекеттик органдын коомчулук менен байланышын арттыруу, тигил же бул маселе боюнча мекеменин позициясын билдирүү, зарыл маалыматтарды коомчулукка пресса аркылуу жеткирүү, маалымат каражаттары менен иштешүү болуп саналат. Мындай кызматтын түзүлүшү өзгөчө журналисттер үчүн да оңтойлуу. Аларга байланышып мекемеге тиешелүү өзүңдү кызыктырган суроолоруңа жооп ала аласың.

  Бирок, республикада мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын дээрлик баары эле мыкты иштейт дегенден алыспыз. Биринчи күнү берген берген сурооңо бешинчи күнү барып жооп алышың мүмкүн же ар кандай шылтоону айтып жатышып, актуалдуу деген сурооңдун мөөнөтүн да өткөрүп жибермей илдеттери бар. Андан кийин журналист учурунда көтөрө турган маселе коомчулук үчүн пайдасы деле жок болуп калат. Муну мындай да түшүнсөк болот. Министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жетекчилери курч суроолорго жооп берүүдөн атайы качышат. Же болбосо өздөрүнүн басма сөз кызматына маани деле беришпейт.
Белгилей кетсек басма сөз кызматтары менен иштешүү бардык эле маалымат каражаттары үчүн өтө маанилүү. Алардын катарында маалымат айдыңында мамлекеттин саясатын жүргүзүп жаткан “Кабар” улуттук агенттиги  да бар. Өкүнүчтүүсү өзүбүз мамлекеттик болуп туруп, ошол эле мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынан өз учурунда кызыктырган суроолорубузга жооп алалбайбыз.

Фактыга кайрылалы. Учурда коомчулукта Токтогул суу сактагычына байланышкан, андагы суунун көлөмүнүн азайып кетишин бир гана табиятка шылтап коюуга болбойт деген суроо кабыргасынан коюлуп жатат. Атургай бул багытта ар кандай пресс-конференциялар да болуп кетти. Кабарчыбыз Рахат Саламатова бул маселе боюнча компетенттүү жооп алуу, аны коомчулукка жеткирүү максатында ААК “Электр станциялары” мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысы Т.Айдаралиевага кайрылып, бул суроолорго жетекчиден же мекеменин тиешелүү кызматкеринен жооп алып берүүнү өтүнгөн. Ал үчүн бүгүнкү заманда жалпыбыз колдонуп жаткан электрондук почта аркылуу суроосун жөнөткөн. Тилекке каршы эки күндөн ашып кетти. Ар кайсы шылтоону айткан Т.Айдаралиева буйтактатып так жооп бералбай келет.
Дагы бир факты. Кабарчыбыз Айида Батырбекова Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызына кайрылып, Орусия мигранттарга патент системасын киргизип жаткандыгын, анын биздин мигранттарга канчалык таасирин тийгизе тургандыгын билүү максатында министр А.Алымкуловдун жообун уюштуруп берүүнү өтүнгөн. Буга да жооп болбоду. Укканыбыз түрдүү шылтоо.
Белгилей кетүүчү нерсе “Кабар” улуттук агенттиги мамлекеттин саясатына тиешелүү маалыматтарды оперативдүү берүүгө чакырылган. Анткени менен биздеги кабарчылардын штаты да чектелүү. Баарына үлгүрө албайбыз. Мындай кезде айрым мамлекеттик мекемелердеги басма сөз кызматтары колубузду узартпай эле, тескерисинче кыскартып отурат. Эгерде, аталган мекемелердин басма сөз кызматынын жетекчилеринин мындай мажирөөлүгүн билгенде, жетекчинин өзүнө чыксак дагы сурообузга эбак жооп алмакпыз. Андай боло турган болсо мамлекеттик органдардагы басма сөз кызматтарынын эмне кереги бар? Бул учурда жеке эле биздин эмес, бардык журналисттердин суроосу болуп турган чагы.
Темирбек  Алымбеков, “КыргызКабар”

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *