Устат-шакирт сабак-таалим системасынын 2,5 айлык сессиясы жыйынтыкталганга саналуу гана күндөр калды. 2014-жылдын октябрь айынан бери 7 устат 7 шакирт менен бирге иштешип, устаттар тажрыйбалары менен бөлүшүп, бир катар жыйынтыктарга ээ болууда.
Устат-шакирт сабак-таалим системасы 2014-жылдын 15-декабрынан баштап жаңы устат жана жаңы шакирттер менен иш алып бара баштайт. Бизге замандаштардын ою маанилүү болгондуктан устаттарды жана шакирттерди тандоодо фейсбукта атайын сурамжылоо жүргүзүп, эң татыктууларын тандап алабыз. Учурда улуу муундагы мыкты журналисттердин арасында устаттарды тандоо башталды. Кайсы журналистти устат болууга татыктуу деп ойлойсуздар? Өз оюңузду бул шилтеме аркылуу кирип Жаш журналист аккаунтунда добуш бериңиздер.
Salamatsyzdarby,Men bul dolboordon Aijan Akylbekovany ustat katary korgum kelet!Anyn diksiyasy,jurush-turush,suiloo mimikasynan shakirtter sozsuz turdo ulgu aluulary kerek dep oiloim.Mykty diktor katary baalaim.!