“Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар” аталышындагы лекция катышуучуларды кайдыгер калтырган жок

Бүгүн 27-ноябрда “Устат-шакирт” окутуу, таалим-тарбия берүү системасынын алкагында жаш журналисттердин жалпы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча “Кыргызстандагы диндер жана диний агымдар. Демократиянын мусулман өлкөлөрдөгү келечеги” аталышындагы эң алгачкы лекция өткөрүлдү. Лектор катары КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев жалпы катышуучуларга лекция окуп, берилген суроолорго жооп берди.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун журналистика факультетинин студенттери, ММКлардын өкүлдөрү жана дин тармагындагы адистер катышты.

Эң алгачкы лекцияга фейсбук аркылуу каттоодон өтүп, кызыгып келгендердин саны көп болду. Алар бул тармакка тиешелүү ар түрдүу суроолорду узатып, лектордон канааттандыраарлык жоопторду алып жатышты.

Эскерте кетсек, бул лекциялар айына 2 жолу өткөрүлүп турат. “Устат-шакирт” долбоорунун өкүлдөрү фейсбук баракчасында замандаштардын арасында сурамжылоо жүргүзүп , анын негизинде олуттуу жана коомго актуалдуу темаларды аныктайбыз. Бул ирет лекцияга катышкандардын көпчүлүгү 1,5 саатын текке кетирбегендерин, пайдалуу маалыматтарды алгандарын айтып, ыраазы болуп кайтышты.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *