А.Карабаева: “Мастер-класста адистер жаңылыктарды жана ток-шоуларды жасоо тажрыйбасы менен бөлүшөт”

27-ноябрда  Бишкекте «Достук» мейманканасынын конференц-залында «Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай» аттуу  конференция өтөт. Иш-чарада журналисттер үчүн пайдалуу мастер класстар каралган. Бул тууралуу бүгүн ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоорунун координатору Алика Карабаева билдирди.

“Мисалга, КР билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргызтест улуттук борборунун жетекчиси Батма Топоева-Ставинская  «Кыргызтесттин стандарттары, кыргыз тилин билүүнү тестирлөө жана баалоо технологиялары» мастер-классында кыргыз тилин баалоонун жаңы системасынын бет ачарын өткөрөт. Жаңы баалоо системасы 2017-жылдан баштап орто мектептерди аяктагандар, жогорку окуу жайына жана мамлекеттик кызматка киргендер үчүн милдеттүү түрдө ишке киргизилет. Эмгегинин 40 жылын билим берүү системасына арнаган Батма Топоева-Ставинская, кыргыз тили боюнча көптөгөн колдонмолордун автору болуп эсептелет”,-дейт А.Карабаева.

Ошондой эле, ал белгилегендей, Грузиядан келген медиа-эксперт Зураб Двали катышуучуларды полиэтникалык аудитория үчүн аудиовизуалдык продукцияларды өндүрүүнүн техникаларына, улуттук-маданий борборлордо маалымат булактары менен иштөө усулдарын үйрөтүп, көп түрдүүлүк темасындагы жаңылыктарды жана ток-шоуларды  жасоо тажрыйбасы менен бөлүшөт. Двали мырза журналистикада  25 жыл иштеген, фестивалдарда ардактуу сыйлыктарды алган даректүү фильмдердин автору болуп эсептелет.
Конференциядагы дискуссия маалында бийлик өкүлдөрү, ЖМК жана жарандык коомчулук тарабынан сунушталган идеяларды ишке ашыруунун орчундуулугун бекемдеген тилдик жана этникалык көп түрдүүлүк темасындагы башка программаларды иштеп чыгуу боюнча базасы болгон резолюцияны кабыл алуу менен аяктайт.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *