Жаш журналисттин чоң ийгилиги

rahat1

Жаш режиссер, кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысы жана ошондой эле “Устат-шакирт” таалим-тарбия, билим алуу системасынын коордиатору Рахат Саламатованын “Уя” аттуу кыска метраждуу фильми Кытайда өткөрүлгөн “Рыбий глаз 2014” аттуу эл аралык фестивалда “Мыкты даректүү тасма” номинациясына ээ болду. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучуларынын өкүлү Мандак Баярдэлгэр билдирди, – дейт “Кабар” МА.

Мандак Баярдэлгэр маалымдагандай, “Рыбий глаз 2014” фестивалына “Жаратылыш”, “Саякат”, “Синема”, “Анимация”, “Менин үй-бүлөм”, “Менин шаарым”, “Кызыктуу учур” жана “Даректүү тасма” жалпысынан 8 номинация каралган.

Рахатты бул учурдагы Чоң ийгилиги менен куттуктайбыз! Мындай ийгиликтер утуштар аны  өмүр бою коштоп жүрсүн жана алардын өлчөмү, салмагы барган сайын өсүп гана турсун!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *