Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш журналистке добушуңду бер!

Урматтуу кыргызстандыктар, “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” экинчи ирет аналитикалык ой жүгүртүүгɵ таянган, өз макала, берүүлөрү жана уктуруулары аркылуу коомду агарткан, коомдук аң-сезимди пайдалуу нукка бурган журналисттерге“Акыл тирек” наамын берүү саамалыгын баштап отурат. Наамга татыктуу журналисттер редакциялар тарабынан сунушталып, кадырлуу журналисттер тарабынан тандалат. Ошондой эле “Жаш журналисттер” кыймылы менен “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” интернеттеги социалдык тармактарда дүбүртү катуу чыгып келе жаткан жаш журналисттерди сиздердин добуш берүүңүздɵргɵ сунуштап отурат. Өзүңүзгɵ жаккан жаш журналистке добушуңузду берип, “Акыл тирек” наамынататыктуунун татыктуусун тандоого чакырабыз!

Эскертүү:

Эгер сиз төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн башка да татыктуу талапкерлер бар десеңиз, анда сиз жактырган журналисттин аты-жөнүн тизмеге кошуп, добуш бере аласыз!

Элдик добушка коюла турган талапкерлердин тизмеси*.

1.  Кубат Касымбеков ББСинин Лондондогу кабарчысы;

2.  Мирлан Бектурсунов КТРКнын “Эмнеге” теледолбоорунун автору;

3.  Самат Жумакадыров “Биринчи радионун” “Сереп” талдоо программасынын автору;

4.  Кубан Атабеков КТРКнын спорттук баяндамачысы, спортту нукура кыргызча чагылдырган журналист;

5. Кубаныч Жолдошев “Азаттыктын” иликтөө журналисти;

6. Мирзат Муканов НТСтин теле алып баруучусу.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *