Кыргызстандагы айрым медиа уюмдар мыкты кабарчыларды аныктоодо уюштуруу иштерин колдоого алды

Басма сөз күнүнө карата өткөрүлө турган сынакты уюштуруу иштерине  Кыргыз Республикасынын Профсоюздук уюмунун жетекчиси Мэри Бекешова, “Маалыматтык укук борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургүл Абдыкеримова жана “ЖМКларды колдоо” коомдук фондунун директору Алмаз Курманкалиев макулдуктарын беришти.

Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруу боюнча өткөрүлгөн жыйында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев  билдирди.

 Эскерте кетсек, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы тарабынан 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыяланган.

Эми, аталган уюмдар биргеликте иш алып барып, мыкты кабарчыларды тандоого жана аларга сыйлыктарды тапшырууга көмөкчү болмокчу.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *