Диний журналистиканы калыптандыруу тууралуу

Урматтуу журналист-кесиптештер!

Кыргызстандагы журналистика алдыга карай сапаттык өнүгүү жолунда баратканын жана кесиптик тажрыйбасы күн санап бекемделип атканын баарыбыз билебиз. Айрым караны ак, акты кара деп тил сермеп турганыбыз – бул бүгүнкү күндүн оорусу. Эртеңибизде биздин маалымат айдыңыбыз, журналисттик чөйрөбүз таптакыр башкача болот, ар ким өзүнүн ишин так-таамай, кесипкөйлүк менен аткарган коом курулат, бул ишеничтүү.

Заман талабына ылайык, журналистиканын ичиндеги тармактык багыттар коомдун, эл чарбасынын турмушун кесиптик чеберчилик менен коомго кылдат жеткирип келет. Маселен, экономикалык жетишкендиктерди – экономикалык кабарчылар, экология тууралуу – “жашыл” кабарчылар жазып дегендей.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң курч делген этностор аралык жана чек ара көйгөйлөрү менен тең катар диний кырдаал да негативдик өңүттө өсүп баратканын баарыбыз билебиз. Айрым радикалдык маанайдагы диний активисттер, экстремисттер коомдогу тынчтыкка бүлүк салып, диндер аралык араздашууну козутууда. Ошол эле учурда өзү бүлкүлдөп араң турган диний абалды көп учурларда биз, журналисттер, байкоостон же чектелген сабаттык дареметибиздин айынан козутуп алабыз. Бул көбүнчөсү диний маселени журналист ички өңүттөн терең билбей, анын өзгөчөлүгүн объективдүү териштирбей туруп, бир жактуу “чалгы чапкандан” болсо керек. Ушунун баары биздеги диндин (диндердин) деградациялануусуна, коомдун динге болгон ишениминин бузулушуна алып келүүдө.

Ошондуктан, Кыргызстандагы диний кырдаалга кайдыгер карабаган, өлкөбүздүн тынчтыгына сөз менен болсо да (тең салмактуу, кылдат макалалар менен) салым кошкусу келген бир топ журналисттер “Диний журналистиканы” калыптандыруу менен Кыргызстандын бейпилдигине кам көргүсү келет.

Ким бул демилгеге кошулгусу келсе – эшик ачык. Жакында (болжол менен май айынын аягында) уюштуруу иштери боюнча жыйналыш болмокчу. Каалоочулар бул дарек менен байланышып кызыкдарлыгын билдиришсе, дайын болгондо иш-чаранын убактысы, жери тууралуу кошумча маалыматтарды бөлүшөбүз: infokg@mail.ru, Фейсбуктаhttps://www.facebook.com/kubatbek.aybashov. Бул сунушту кесипкөй журналист-кесиптештерибиз жана адис-теологдор колдоого алып, катарыбызга кошулат деп ишенебиз.

Жагымдуу маалымат катары бул демилгени айрым мамлекеттик профилдик органдар менен донор уюмдар колдошоорун билдирип жатышканын айтсак болот.

Кубатбек Айбашов

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *