Журналисттерге орфография боюнча сабак өтүлдү

24-майда  “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде журналисттер үчүн “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” аттуу лекция болуп өттү. КУУнун доценти, тажрыйбалуу тилчи Ишенбек Султаналиев журналисттер тарабынан кетирилип жаткан одоно каталарды мисал келтирүү менен, кыргыз тилинин адабий нормасына ылайык кантип туура жазуу керектигин айтып берди. Өз кезегинде жаш журналисттер айрым сөздөрдү жазуудагы талаштуу суроолор боюнча өз пикирлерин ортого салышты.

“Окурмандар, көрөрмандар жана угармандар журналисттерге карап түздөнүшөт. ЖМКга чыккан эле нерсени туура деп кабылдашат. Андыктан журналисттер кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча кабыл алынган мыйзамдарды так сакташыңар керек. Ар кимибиз билгенибизди кошо берсек тил бузулат, элдин да башы айланат”-деди Ишенбек Султаналиев.

Сабактын жүрүшүндө катышуучуларга Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча китепче таркатылды.

IMG_4428 IMG_4454 IMG_4465 IMG_4422

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *