Журналисттерге “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” боюнча дарс өтөт

24-май күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” аттуу дарс өткөрүлөт. Дарс журналисттер тарабынан кетирилип жаткан кыргыз тилинин эрежелерине баш ийбеген одоно каталарды оңдоону көздөйт.

Дарска каалоочулардын баары катышса болот. Андыктан жалпыңыздарды Улуттук университеттин доценти, тажрыйбалуу тилчи Ишенбек Султаналиевден сабак алууга чакырабыз.

Лекция “Кабар” улуттук агенттигинин 2-кабатында өтөт. Дареги: Байтик баатыр көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде.   

Суроолор болсо Улан менен Жакшылыкка кайрылыңыздар.

One comment to “Журналисттерге “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” боюнча дарс өтөт”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *