“Эне ыйык, эне кымбат баарынан” акциясы өткөрүлөт

"Эне жүрөгү". Автору Эрнис Исаков. Сүрөт http://www.rus.ocabookforum.com/ сайтынан алынды.

“Эне жүрөгү”. Автору Эрнис Исаков. Сүрөт http://www.rus.ocabookforum.com/ сайтынан алынды.

«Диалог Евразия” платформасы, “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду, Бишкек шаардык мэриясы, Волонтёрлор фонду биргеликте энелер күнүнө карата атайын акция уюштурат.

Баарына маалым болгондой 2012-жылдын 3-майында Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы Энелер күнү тууралуу” буйрукка кол койгон. Мамлекетибизде бул күн – май айынын үчүнчү дем алыш күнү белгиленип келет. Бул күн – энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп саналат.

Энелер майрамы бул жылы 17-май күнү Карылар үйүнүндө өтмөкчү. Энелерге жагымдуу маанай тартуулоо иш-чарасы десек да болот. Тагдырдын жазмышы дейбизби, же турмуштун татаалдыгынан адам мүнөзүнүн кескин өзгөрүшү дейбизби, айтор биз үчүн белгисиз себептен улам уулунун урматынан, кызынын ызатынан ыраакта калган карылар үйүндөгү энелерди зыярат кылып, аларга гүл, таттуу жана башка белектер тартууланып, концерттик программа уюштурулмакчы. Акцияга Жогорку Кеңештин, Шаардык кеңештин депутаттары бейөкмөт уюмдарынын, ММКнын өкүлдөрү өкүлдөрү, ЖОЖдордун студенттери катышмакчы.

Дареги: Биринчи май үй-интернаты, Абай к. 93 (Скрябин к. кесилишинде), Ленин үй интернаты, Интергельпо к. 8

Күнү: 17-май, саат 10:00

Байланыш телефондору:  

Тел.: (0312) 596530, (0772) 563995, (0554) 085085

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *