Бишкекте студенттик “Медиа Көпөлөк – 2014” медиафестивалга катышууга катталуу башталды

Жыл сайын өткөрүлүүчү студенттик “Медиа Көпөлөк” фестивалга катышууга каттаалуу 12-майда башталды.

Ал 15-июнга чейин жүрөт. Бардык катышуучулар үчүн тандап алынган категориялар боюнча алдыңкы адистер тарабынан мастер класстар жана тренингдер өткөрүлөт.

Тандоо төмөнкү категориялар боюнча жүргүзүлөт:

Отбор проводится по следующим категориям:

  • экономикалык журналистика;
  • атайын радиорепортаж;
  • атайын ТВ-репортаж;
  • портреттик репортаж;
  • сценарий жазуу: ТВ-программар, рубрика жана көрсөтүү;
  • социалдык реклама;
  • даректүү жана теледаректүү кино;
  • кыскаметраждуу оюн кино;
  • фотокорреспонденция;
  • арт-дизайн: креативдүү киноафишалар;
  • пиар-кампания: пиар жана пери.

Толугураак маалыматты Медиа фестивалдын сайтынан алса болот.

“МедиаКөпөлөк” – Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү жана студенттердин медиа тармагында өз продукцияларынын сапатын жогорулатууга багытталган алгачкы студенттик медиа фестиваль. Фестивалдын максаты – студенттерге өз идеяларын элге сунуштап, ишке ашырууга түрткү берүү, медиа-студенттер менен медиа-уюмдардын арасында коммуникациялык көпүрө түзүү болуп саналат.

,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *