Бүгүн Бишкекте жалган маалымат таратууга каршы “Антиөрдөк” флеш-мобу өттү

Бүгүн, 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Журналисттер аллеясында “Антиөрдөк” флеш-мобу өттү.

Уюштуруучулардын бири Уланбек Эгизбаевдин айтымында, аталган иш-чаранын максаты кыргыз журналистикасындагы ушак-айыңдардан, жалган маалыматтардан арылуу. “Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, айрым кесиптештердин айынан жалпы журналисттерге карата коом тарабынан туура эмес түшүнүк калыптанып жатат. Мурда журналист деп сыйлап келишсе, азыр “ушакчы”, “шыбакчы” деп айтышат. Биз ушундай көз караштын калыптануусуна жол бербешибиз керек. Журналист такталган, туура маалымат жазыш керек”,- деди ал.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул иш-чараны жаш журналисттердин уюштурушу жакшы самаалык экенин айтат. “Жаш журналисттердин жалган маалыматтарды, ушак-имиштерди жайылтууга каршы болуп ушундай иш-чараны уюштуруп жатышы колдоого аларлык. Азыр көпчүлүгү такталбаган маалыматтарды таратып, коомдо кээде туура эмес пикирди жаратып жатышат. Ар бир журналист жазгандарына жоокерчиликтүү мамиле кылып, такталган, туура маалымат берүүгө умтулушу керек”,-дейт Токоев.

Иш-чаранын жүрүшүндө символикалуу түрдө гезиттен жасалган өрдөктөр өрттөлүп, андан соң Журналисттер аллеясында ишембилик болду.

Расул Усеналиев

URL: http://kyrgyz.vb.kg/244624

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *